Боом капчыгайы 1,5 жума маал-маалы менен жабылып турат

Автор -
201

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымында (эски жол) таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 17-сентябрынан тартып, 28-сентябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.