Өлкө аймагында 2018-жылдын октябрь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн болжолдоосу.
Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° жогору болуп, Чүй өрөөнүндө 11…13°, Талас өрөөнүндө 8…10°, тоо этектериндежана Кемин өрөөнүндө 6…8° жылуу болушу күтүлөт.
Айдын биринчи он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 8…13°, күндүз 24…29° жылуу турушу күтүлөт. Экинчи жана үчүнчү он күндүктө абанын температурасы түнкүсүн 2…7°, күндүз 20…25° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Кемин, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 2…7°, күндүз 22…27° жылуу турушу күтүлөт. Экинчи жана үчүнчү он күндүктө абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуукка, кээ бир күндөрү түнкүсүн -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 18…23° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 39-45 мм, Талас өрөнүндө 24-27 мм, тоо этектеринде 25-43 мм).*
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 12…14°, тоо этектериндеги райондордо 9…11° жылуу болушу күтүлөт.
Айдын биринчи он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 10…15°, күндүз 24…29° жылуу болушу күтүлөт. Экинчи жана үчүнчү он күндүктө абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, ал эми күндүз 19…24° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 19…24° жылуу турушу күтүлөт. Экинчи жана үчүнчү он күндүктө абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуу болуп, кээ бир күндөрү түнкүсүн 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 15…20° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 15-54 мм, тоо этектериндеги райондордо 24-86 мм).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, 8…10° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичиндеабанынтемпературасытүнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн 1…6°жылуу, айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз 13…18° жылуу турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (5-31 мм, чыгышында 38-58 мм).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1ºка жогору болуп, 5…7° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуулуктан 0…-5°ка чейин суук болуп, күндүз 13…18° жылуу болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (8-18 мм).
Алай өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1ºка жогору болуп, 0…2° жылуу болушукүтүлөт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктун тегерегинде болуп, күндүз айдын биринчи жарымында 9…14°, айдын экинчи жарымында 3…8° жылуу болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (26-28 мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1ºка жогору болуп, 2…4° жылуу болушукүтүлөт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктун-6…-11° суукка чейин, күндүз 8…13° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (22-24мм).