Бала сатууга шектелген дарыгерлердин ысымдары ачыкка чыкты

Автор -
1009

Бишкекте бала сатууга шектелген дарыгерлердин ысымдары ачыкка чыкты. Бул тууралуу maralfm.kg жазып чыкты.

Жалпысынан кылмышка 8 адам шектелип, алардын ичинен беш адам күнөөлөрүн моюнга алышкан. Кармалган медайымдар буга чейин да жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып келишкен. Алардын экөөсүнүн аты-жөнү да ачыкталды. Алардын бири №18-поликлиникада иштээри анык болду.

Маалыматка таянсак, Э.Ч аттуу кызматкер №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген. Ал кармалган учурда унаасынын багажынан түйүлдүктөр табылган. Андан сырткары 2014-жылы да ушундай факт менен кармалган. Бирок ал ишти прокуратура жаап салган.

Ошондой эле Ж.Ө аттуу кызматкер Бишкектин аймагынан чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Экөө тең мамлекеттик кызматынан сырткары жеке менчик клиникалардын биринде иштеп келишкен.

Милиция аталган факттын негизинде «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 7-сентябрь күнү жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жаткан жеринен мамлекеттик ооруканалардын биринде иштеген гинекологдор кармалган. Алардын үчөө №1 тергөө абагына киргизилип, экөөсү өлкөнүн аймагынан чыкпоо шарты менен коё берилген.

Бөлүшүү