Тырмооч кармаган президент. Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө ишембиликке чыкты (фоторепортаж)

Автор -
370

Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат кызматкерлери бактын территориясын тазалашты. Жумушка «ЭкоДеми» коомдук фондунун волонтерлору дагы кол кабыш кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков волонтерлор менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын катышуучуларына онлайн салам жолдоду.

Ишембилик аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков бактын абалы менен таанышып чыкты. Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу Мамлекет башчысына Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришти.

undefinedundefinedundefinedundefined