Жапаровдун тарапташтары мартта Бишкекте митинг өткөрүшөт

Автор -

Экс-депутат Садыр Жапаровду колдогондор 2-мартта Бишкек шаарында тынчтык митингин өткөрүүнү пландашууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өткөн маалымат жыйында «Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду» коомдук фондунун төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы республикалык тынчтык митинги болот. Мындай чечим Түп районундагы жыйында кабыл алынган.

«Бардыгын мыйзам жолу, тынчтык жолу менен уюштуруу, жүргүзүү каралган. Эч ким тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган эмес. Биз тынчтык митингин өткөрүүдөн баш тартпайбыз»,
дейт Осмоналиев.

Бөлүшүү