Чүй облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 18-сентябрь күнү саат 04:57де катталган.
Жер титирөө Чүй районунун Юрьевка, Алмалуу айылдарында 3 баллга, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.