Бекешев: Кыргызстанда плагиат окумуштуулар арбын

Автор -

Кыргызстанда плагиат окумуштуулар арбын. Айрымдары көмүскөдөн көрүнөө чыга баштады, дагы чыгарыш керек, жалпы эл билсин, тийиштүү чаралар көрүлсүн. Тилекке каршы, Жогорку аттестациялык комиссия жакталып жаткан диссертациялардын базасын жаап салыптыр, аны тезинен кайра ачуу зарыл. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Россияда «Диссернет» шериктештиги бар, жакталган ал илимий иштер жаатындагы плагиаттык жосундарды таап чыгып, жалпыга жарыя кылууда. Жогорку аттестациялык комиссиянын жакталган диссертациялардын базасын жаап салышын кандай түшүнсө болот? Кандай илимий иштер жакталып жатканын жалпы журттан эмнеге жашырабыз? Демек, окумуштуулар өздөрүнүн жактаган илимий иштерин коомчулуктан жашыргысы келет экен да», — деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү