Бишкекте 14 жаштагы дайынсыз жоголгон Аида Мамаева изделүүдө

Автор -

Бишкекте 14 жаштагы дайынсыз жоголгон Аида Мамаева изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аида 17-сентябрда үйүнөн мектепке чыгып кетип, кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, көздөрү көк, чачтары кара, узун. Ак кофта жана көйнөк, кара юбка, бутуна ак кроссовки кийип, күрөң түстөгү сумка асынып жүргөн.

Аида Мамаеванын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдар болсо, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (0553)102-566, (0772) 052-000, 0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05 телефондору аркылуу байланышка чыкса болот.

Бөлүшүү