Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн коалиция КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан турат. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.
Белгилей кетсек, 19-сентябрда КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тараган.