Парламент комитети Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусун колдоду

Автор -

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.

Бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети комиссиянын корутундусунун токтомун укту. Иш боюнча суроо-жооп болбостон, бир да депутат талкууга чыкпай, ал дароо палатага жөнөтүлдү.

Баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров комиссия 11 жолу жыйын өткөргөнүн билдирди. Анын натыйжасында Кой-Таш окуясынын келип чыгышына жана атайын кызматтын бир аскери каза болуп, бир нечесинин жаракат алышына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылган.

«Иликтөө учурунда Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жолугушуу болгон жок. Алардын ишин укук коргоо органдары тергеп жаткандыктан комиссия «жолугууга кажет жок» деген чечимге келди. Ал эми Атамбаевди күчкө салып алып келүү операциясында кемчиликтер болгону аныкталды. Ал боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүү үчүн сунуштама берилди», — деди Шайназаров.

Комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жакыпбек Касымбеков корутундуга макул болбой, өзгөчө пикирин берген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген. Бул ишти иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирген.

 

Бөлүшүү