Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү

Автор -

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү.  Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн коалиция КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан турат. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.

Белгилей кетсек, 19-сентябрда  КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тараган.

Бөлүшүү