Бишкек шаардык кеңешине жаңы төрага шайланды

Автор -

Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Жаныбек Абиров шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абировдун талапкерлигин жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалициядагы КСДП фракциясы көрсөткөн. Ал үчүн шаардык кеңештеги 45 депутаттын 40 макул добушун беришти. Ал эми 4 депутат жыйынга катышкан жок.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы да түзүлдү. Ага КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Республика – Ата-Журт», «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү