Кара-Кулжа районундагы Чалма айылында Тар дарыясына чөгүп кеткен 8 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-август күнү 2010-жылы туулган Р. Н. аттуу бала Тар дарыясына түшүп кеткен. Ошол күндөн бери изделип жаткан баланын сөөгү 19-сентябрь күнү Сай айылында Тар дарыясынын жээгинен табылган.
Жерине КР ӨКМнин №66 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып маркумдун денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.