Бүгүн, 20-сентябрда Биринчи май райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча иш каралды.
Прокурор соттолуп жаткан Эрмек Осмонкулов бир нече жыл мурда Ошто тапанча менен каракчылык кол салууга, андан кийин 2017-жылы ноябрда Бишкекте Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы боюнча айыптоону угузду. Айыптоо окулуп жатканда Э.Осмонкулов ыйлап, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
У.Саляновду өлтүрүүгө шектелип кармалгандар:
— 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов. 2017-жылы 27-ноябрда Бишкекте кармалган.
— 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов. 2018-жылы январда Москвадан кармалган. Учурда аны экстрадиция кылуу маселеси чечилип жатат.
— 1988-жылы туулган Заур Насруллаев. Россиянын жараны. 2018-жылдын август айында Екатеринбургда кармалган. Учурда аны экстрадиция кылуу маселеси чечилип жатат.
Белгилей кетсек, Улан Салянов 6-ноябрь күнү Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйүнөн атылып өлтүрүлгөн.