Кыргыз-кытай чек арасындагы 2 көзөмөл пункт убактылуу жабылат

Автор -

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы «Торугарт — унаа жолу» жана «Эркеч-Там — унаа жолу» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кытай Эл Республикасы тарабынан Ай жана түшүм жыйноо майрамына (Чжунцю) байланыштуу кабыл алынды. Аталган пункттар 22-сентябрдан тарта 24-сентябрга чейин жабылат.

Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү иштери 25-сентябрда кайрадан жүргүзүлүп баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү