Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Автор -

Бүгүн, 21-сентябрь оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Электр жарыгы өчүрүлүүчү аймактар:

Саат 09:00дөн −19:00гө чейин — Гоголь көчөсүндөгү № 6, 8, 10 үйлөр, Ибраимов көчөсүндөгү № 33, 35, 37 үйлөр, Москва көчөсүндөгү № 54, 56/2 үйлөр, Чокморов көчөсүндөгү № 1, 3, 5, 7 үйлөр, Бөкөнбаев көчөсүндөгү № 3, 5, 7 үйлөр;

Саат 09:00дөн 19:00гө чейин — Ак-Босого жаңы конушу (Саадаев, Тоголок Молдо, Чүй 60, Чүй 61 көчөлөрү, Боровская туюк көчөсү);

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Сүйүмбаев көчөсүндөгү № 140 үй;

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин — Достук кичи районундагы № 9 үй;

Саат 09:30дан 19:30га чейин — Көк-Жар конушу (Керемет, Молдокулов, Чар, Шапак, Шоокум, Конорчок, Куйручук, Ой-Терскен, Сайма-Таш, Тоң көчөлөрү), Бакай-Ата жаңы конушу (Алманбет, Анар, Манасчы, Чубак, Эр-Төштүк, Көкчө, Кыргын-Чал, Сейтек, Сулайка көчөлөрү);

Саат 09:30дан чейин 18:00гө чейин — 50 жылдык жеңиш, Мусулманкулов көчөлөрү;

Саат 09:30дан 11:00гө чейин — Кара-Коо, Он-Арча, Термечиков, Шералиев көчөлөрү;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин — Талды-Суу, Бурулдайский, Бурдинский, 110-квартал көчөлөрү.