Президент: Элдин тамыры — элетте, кыргыздын тамыры — айылда

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы атактуу Кемин жергесинин куту — элинде, касиеттүү жеринде экенин, бул аймактан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө баа жеткис салымын кошкон улуу тарыхый адамдар чыкканын белгиледи.

Сары өзөн Чүйдө, анын ичинде Кемин районунда айыл чарбасын эле эмес, бүтүндөй өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар бар экенин кошумчалады.  Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк экенин белгилеп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков  тышкы саясатка кыскача токтолуп, Россия Федерациясына, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

Сооронбай Жээнбеков өлкө Президенти катары алгачкы жумушчу сапар менен Россия Федерациясына барганын, ал өлкөнүн президенти Владимир Путин менен иштиктүү, ишенимдүү мамилелерибиз түзүлгөнүн, Россия — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

«Бул өнөктөштүктүн жакшы шарапатын Кемин району дагы сезип жатат. Райондун аймагында иштей баштаган „Астра Солар Технолоджис“ ЖЧКсы бүгүнкү күнү КМШ өлкөлөрү арасында монокристалдык кремнийлерди чыгарган жалгыз ишкана. Бул долбоорго жалпысынан 5-9 млн АКШ доллары каралган. Мындан өлкө бюджетине жыл сайын 120 миллион сомго чейин акча түшөт. Долбоордун алкагында 200-300 жумушчу орунду түзүү каралган», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Региондорду өнүктүрүү багытындагы маселелерге өзгөчө токтолду.

«Элдин тамыры — элетте, кыргыздын тамыры — айылда. Айыл өнүксө, өлкө өнүгөт. Ушул максатта 2018-жылды аймактарды, элетти өнүктүрүү жылы деп жарыялагам. Жарлыкта аныкталган негизги приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын оңдоо, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу сыяктуу милдеттерди ишке ашырсак, өлкө өнүгөт», — деп баса белгилөө менен Президент –»Элет жеринде жумушчу орундар түзүлсө, эс алуучу маданий очоктор иштесе, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырса, жалпылап айтканда — адам үчүн ыңгайлуу жашоо шарттары түзүлсө, сырткы жана ички миграция кескин азаят. Эл элетти байырлайт, элетти өнүктүрөт», — деп кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени бир жылдык эмес, 6 жылдык ишинде көӊүл борборунда кармап, бул багытта аткарылып жаткан иштерди өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Ал калкка ипотекалык насыяларды берүү иши кийинки кезде солгундап кеткенин айтып, бирок ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Мамлекет башчысынын айтымында, азыр берилип жаткан ипотекалык насыялардын үстөгү 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, турак-жайга муктаж башка жарандарга бериле баштайт.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Президенттик ишинде коррупция менен күрөшүү эң приоритеттүү багыт экенин дагы бир жолу баса белгилеп, элди колдоого чакырды.

Мамлекет башчысы өлкө экономикасын көтөрүү эң башкы стратегиялык багыт экенин айтып, ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү  — жергиликтүү бийликтин, укук коргоо, фискалдык органдардын негизги милдети экенин эске салды.

«Кыргызстанга келген инвестор бизнесин баштап-баштай электе эле андан ‚үлүш‘ сураган учурлар жок эмес. Анысы аз келгенсип, милиция кызматкерлери, салыкчылар да жөн иштетишпей ар кандай бөгөттөрдү коюшат. Мындай көрүнүштү токтоткула. Бүт дүйнөдө келген инвесторго бардык шарттар түзүлөт, бизде болсо, инвесторду келери менен чочутат. Кепилдик жок болсо, бизге кайсы инвестор келет, экономика инвестициясыз кантип өнүгөт? Ошондуктан, инвесторго өгөй мамиле жасаганды токтоткула“, — деди Президент, жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Кеминдиктер райондун борборундагы оорукананын курулушуна, мектептердин жетишсиздигине, электр энергиясына болгон тарифти жөнгө салууга, өлкөдөгү диний кырдаалга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө,  кооперативдерди түзүүгө, дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө, таза суу менен камсыз кылууга, кадрларды тандоого байланыштуу жана башка суроолорду беришти. Президент менен бирге жеригиликтүү тургундардын суроосуна министрлер жана ведомтсво жетекчилери жооп беришти.

Бөлүшүү