Кубанычбек Кулматовдун орус жарандыгы аныкталды

Автор -

ске салсак, Улуттук коопсуздк мамлекеттик кызматы К.Кулматовго Кылмыш кодексинин 350-беренеси ( Жасалма документ, штамп, мөөр, бланк, жасалма документтерди колдонуу,) жана 346-беренелери (Мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

К.Кулматов 1995-жылы 11 октябрда СССРдин паспортун жоготкондугуна байланыштуу Россиянын жарандыгын алган.

К.Кулматов акыркы жолу 2008-жылы 45 жашында Россиянын жаңы паспортун алган. Бул убакытта ал Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган.

Ал эми 1996-жылы 26-нояюбрда Россиянын жараны болуп турганда СССРдын жараксыз паспортун колдонуп Кыргызстандын Биринчи май райондук паспорт столунан Кыргызстандын паспортун алган. 2001, 2003 жана 2013-жылдары болсо паспортун бир канча жолу алмаштырган.

«КРдин жарандыгы» тууралуу мыйзамда Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жарандын арызынын негизинде ишке ашат. Анын үчүн арыз берүүчү башка өлкөнүн жарандыгынан чыгуу тууралуу кат менен кайрылышы керек болот. Кулматов аны жасаган эмес.

Буга байланыштуу УКМК мыйзамдын негизинде Кулматовго козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантат.

Бөлүшүү