Кыргыз ССРинин Эл артисти , Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Туңгуч» театрын негиздеген Жамал Сейдакматова бүгүн 80 жашка толду.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн.
Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Ошондон тартып 1989-жылга чейин, башкаача айтканда “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-көгөргөн, чыгармачылык чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен.
Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.
Жамал Сейдакматованын жандуу ырдаганын уга электер үчүн видео.
https://www.instagram.com/p/BiG2wk7BDBL/?taken-by=ziregul_kubandyk
1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилген.
Театрда аткарган негизги ролдору:
- Курманжан Датка- (С.Шер-Нияз , «Курманжан Датка»)
- Жамал -(А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»)
- Алиман-(Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)
- Сейде -(Ч.Айтматов, «Бетме-бет»
- Шайыргүл -(Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»)
- Айганыш -(А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)
- Нази- (М.Байжиев, “Төр адам”)
- Катарина- (У. Шекспир, «Азоого чалма»)
- Эркайым- (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»)
- Агафья Тихонова- (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»)
- Шафак-(М. Карим, «Ай тутулган түндө»)
- Уркуя- (Н. Байтемиров, «Уркуя»)
- Күлсүн -(М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
- Дездемона -(У. Шекспир, «Отелло»)
- Алмагүл- (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)
- Эльпи -(К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)
- Зейнеп -(Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
- Каныкей -(Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)
- Салыя- (К. Акматов), «Ажырашуу түнү»)
- Жайдар- (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)
- Найман эне- (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)
- Тангабике- (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
- Мунабия- (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)
- Көзү ачык кемпир- ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)
- Ханыша- (С.Раев, «Ханышанын көз жашы») ж.б.