Муфтияттын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет

Автор -

Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, план-программалардын түзүлүшү, мугалимдер менен окуучулардын даярдыктары, окуу жайлардын тазалыгы, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, санитардык абалы текшерилет.

«Жер жерлердеги диний окуу жайларда өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү