Чүйдө 26 жаштагы жаранды унаа сүзүп кетти

Автор -

Чүй облусунун Москва районунда жеңил унаа жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-декабрь күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда Петровка айылынын 26 жаштагы тургунун Toyota Mark II үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.

Унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер аткарылган.