Вьетнамдын президенти Чай Дай Куанг 62 жашында каза болду.
Жергиликтүү «Vnexpress» басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө башчы бүгүн, 21-сентябрда Ханой шаарындагы ооруканада көз жумган.
Чай Дай Куанг 2016-жылдын апрель айынан бери өлкөнү башкарып жаткан болчу. Ал ушул жылдын 12-октябрында 62 жашка чыкмак.