24-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоорго кар түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…20,
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
Ош облусунда түнкүсүн 8… 13, күндүз 17…22,
Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 19…21 градус болот.