Токтогул районунда унаа оодарылып 1 адам каза болуп, 5 киши жаракат алды

Автор -

Токтогул районунда унаа оодарылып 1 адам каза болуп, 5 киши жаракат алды.

Кырсык 23-сентябрда  саат 09:35де Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында болгон.

Анда  “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү