Эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев үчүн атайын эсеп ачылды

Автор -
365

Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу  Башкы штабдан маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Русланга кол протездерин алуу үчүн атайын эсеп ачылып, азыркы тапта эсепке 200 миң сом түштү. Жаңы автоматташтырылган кол протездери Түштүк Кореядан заказ менен келет.

«Аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери күн сайын колунан келишинче акча алып келип жатат. Биз азырынча айлык ала элекпиз, акча тиери менен бир күндүк айлык акыбызды которуп беребиз», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Эсеп “Элсом” электрондук капчыгынан, жабырлануучунун апасы Венера Сейталиеванын атына бекилди. Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80телефон номуруна чалып же 1030121100001856 эсебине акча которсо болот. Которулган каражаттар жоокердин дарылануусуна жумшалат.

Учурда жоокер дарылануусун улантууда.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Анын кесепетинен бир колунан ажыраган. 28-августта жоокердин экинчи колу да ампутацияланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү