Майлуу-Сууда ток урган жоокердин экинчи колу ампутацияланды

Автор -

Майлуу-Сууда №30295 аскер бөлүгүндөгү электр тогуна урунуудан жаракат алган аскердин экинчи колу дагы ампутацияланды. Бул чечим дарыгерлердин жалпы консилиумунан кийин чыгарылды. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Белгилей кетсек, 19-августта мөөнөттүү аскер кызматындагы С.Р., нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонуна кирген жана эки колунун манжаларын катуу күйгүзүп алган. Ал дароо Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулуп ал жактан оң колу чыканакка чейин ампутацияланган.

Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев бул окуянын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алган.

Аскердин колу толук айыккан соң Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде кореядан чыгарылган биоманжаларды салуу боюнча макулдашуу түзүлдү. Андан тышкары Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамы тарабынан дагы финансылык жардамдарды көрсөтүү боюнча демилгелер көтөрүлүүдө.

Кызматтык иликтөөлөрдүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү