Кыргыз жана тажик жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү узартылууда

Автор -

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажик Республикасынын аймагында жана Тажик Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашуу эки коӊшу мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн, чет өлкөнүн аймактарында турууларына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

«Тажикстандын «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук жобосу» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар мамлекет аймагына келүүдөн баштап 3 сутка ичинде колдонгон документин катташы абзел. Ошоной эле, белгилүү бир убакыттын ичинде Тажикстандын бажы аймагынан чыгып кетүүсү керек», — деди ал.

Ошондон улам, сунушталган макулдашуу менен Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралган.

Бөлүшүү