Виза берүүдө АКШ көп баш тарткан мамлекеттер: Кыргызстан 2-орунда

Автор -

АКШнын Мамлекеттик департаменти иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүн жарыялады. Ал категорияга туристтик жана бизнес сапарлар үчүн визалар кирет.

Статистикага ылайык, мурдагы СССРди алганда, АКШ бийлиги эң көп Өзбекстан жарандарына виза бербейт. Тактап айтканда, быйыл элчиликке кайрылгандардын 68,06 пайызы виза ала албай калган. Өткөн жылга караганда бул көрсөткүч 6 пайызга өскөн.

Экинчи орунда Кыргызстан турат. Жыл башынан бери арыздардын 67,75 пайызы четке кагылган. 2018-жылга караганда андай учурлар дээрлик 9 процентке өскөн.

Үчүнчү орунда Грузия, андан кийин Тажикстан, Молдова турат. Кошуна Казакстанда 39,38 пайыз учурда виза берилген эмес.

АКШ бийлиги виза эмне үчүн берилбегенин түшүндүрбөйт. Бирок адатта бул мыйзамсыз жүргөн адамдардын көптүгүнө, ошондой эле туура эмес толтурулган же документтердин толук берилбегенине байланыштуу болот.