Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Тажикстандын Душанбе шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына кеңири курамда катышты.
Тажикстандын КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык кылган мезгилдеги ишмердиги, 2019-жылы Түркмөнстанда өтө турган кийинки саммит, космос мейкиндигин тынчтык максатында колдонуу жана изилдөө тармагындагы кызматташуу туурасында маалыматтарды угушту. Саммиттин жыйынтыгы менен төмөндөгү бир катар документтерге кол коюлду:
- 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күндөн бери 70 жылдыгына байланыштуу Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү жөнүндө.
- 2021-жылы Тажикстан Республикасында «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө.
- 2021-жылды Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде архитектура жана шаар куруу жылы деп жарыялоо туурасында.
- 2019-2023 жылдары кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин информациялык технология чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташуусу туурасындагы макулдашуу жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррордук борбору жөнүндөгү жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында.
- Кадрдык дайындоолор жөнүндө: 8.1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жетекчиси туурасында. 8.2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Кеңешинин алдындагы абадан кол салуудан коргонуу маселелери боюнча Координациялык Комитетинин төрагасы жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин аракетин токтотуу жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туурасында билдирүүсү жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү жөнүндө.
- 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө.