Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту

Автор -
204

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити алкагында жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

«Кыргыз-россиялык мамилеси дайыма конкреттүү багыты жана тиешелүү динамизми менен айырмаланып келген. Активдүү саясий-экономикалык диалог ырааттуу негизде колдоого алынып, бардык деңгээлде байланыштар ишке ашырылып жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Россия Кыргызстандын экономикасын дагы негизги инвесторлордун бири болуп саналаарын, экономикалык өнөктөштөрдүн арасында биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турганын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканы байкалууда.

«Биздин эки тараптуу байланыштар ырааттуу өнүгүп, буга чейинки жолугушууларда макулдашылган бардык пландар аткарылып жатат. Бүгүн биз дагы бир сыйра салыштырып, иш жүзүндө кандай болуп жаткандыгын тактап көрсөк болот. Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ээлейт. Өткөн жылы өлкөлөрүбүз ортосундагы товар жүгүртүү 30 пайыздан ашуунга өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Мына ушул жакшы динамиканы сактап калыш үчүн кошумча түрдө дагы эмне жасасак болоорун карашыбыз керек», — деп белгиледи Владимир Путин.

Бөлүшүү