КМШ мамлекет башчылары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүүсүнө кол койду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Тажикстандын Душанбе шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына кеңири курамда катышты.

Тажикстандын КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык кылган мезгилдеги ишмердиги, 2019-жылы Түркмөнстанда өтө турган кийинки саммит, космос мейкиндигин тынчтык максатында колдонуу жана изилдөө тармагындагы кызматташуу туурасында маалыматтарды угушту. Саммиттин жыйынтыгы менен төмөндөгү бир катар документтерге кол коюлду:

  1. 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күндөн бери 70 жылдыгына байланыштуу Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү жөнүндө.
  2. 2021-жылы Тажикстан Республикасында «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө.
  3. 2021-жылды Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде архитектура жана шаар куруу жылы деп жарыялоо туурасында.
  4. 2019-2023 жылдары кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.
  5. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин информациялык технология чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташуусу туурасындагы макулдашуу жөнүндө.
  6. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында.
  7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррордук борбору жөнүндөгү жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында.
  8. Кадрдык дайындоолор жөнүндө: 8.1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жетекчиси туурасында. 8.2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Кеңешинин алдындагы абадан кол салуудан коргонуу маселелери боюнча Координациялык Комитетинин төрагасы жөнүндө.
  9. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин аракетин токтотуу жөнүндө.
  10. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туурасында билдирүүсү жөнүндө.
  11. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү жөнүндө.
  12. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө.
Бөлүшүү