Тажикстанда жети этникалык кыргыз кырсыкта көз жумду

Автор -
265

Тажикстандын Лахш районунда (мурдагы Жерге-Тал району) жашаган жети этникалык кыргыз автокырсыкка кабылып каза болду. Алар Кошой айылынын тургундары экенин Кыргызстандагы туугандары жана Тажикстандагы жердештери «Азаттык» радиосуна кабарлашты.

Маркумдардын Кыргызстандагы тууганы Мирхажидин Мамуровдун айтымында, алар 30-сентябрда тоодон картошка казып, автоунаа менен артка кайтып келатканда кыядан учуп кетишкен. Маалыматты Лахш районунун эки тургуну да «Азаттык» радиосуна ырастады.

Кырсыкта Темирбай Шарапов аттуу жаран жана анын үч уулу, Насир Шарапов жана анын бир уулу жана туугандарынын бир баласы мерт болгон.

Тажикстанда 55 миңден ашуун этникалык кыргыздар бар экени айтылат. Алар негизинен Жерге-Тал жана Мургаб аймактарын байырлашат.

Бөлүшүү