Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды (Өмүр баян)

Автор -
290

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кенеш тышкы иштер министри кызмат ордуна Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырган.

Өмүр баян:

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович

1977-жылы 27-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими: жогорку

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, «Эл аралык байланыштар» боюнча адистигине ээ болгон.

2001-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетинде «Юриспруденция» боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистр деңгээли ыйгарылган.

2017-жылы Кыргызстан-Россия Славян Университети, аспирантура.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек таржымалы:

1998-2005-жж. — Тышкы иштер министрлиги, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи  катчы;

2005-2008-жж.-  Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилиги, биринчи катчы. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-2008-жж. Кыргыз Республикасынын ТИМ, КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги, кеӊешчи;

01.2011-04.2011-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, эксперт;

04.2011-12.2011-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, жетекчинин орун басары;

2012-2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү, жетекчи;

04.2016-10.2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;

10.2018-ж. — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.