Ашканасы өрттөлгөн Ош шаарынын тургунуна 58 миң сом берилди

Автор -

Бүгүн, 17-октябрда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Ош шаарынын тургуну Жапар Камашовго 58211 сом берди.

Сертификатты шаар мэри Т. Сарыбашов тапшырды. Жапар Камашов өрттө үйүндөгү ашканасы күйүп кеткенин, бир жыл мурда үйүн камсыздандырганын билдирди. Ал үйлөрдү камсыздандыруу зарыл экендигин билдирди.

Бөлүшүү