Никол Пашинян отставкага кетти

Автор -

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Өкмөт башчынын кызматтан кетиши өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо процедурасын баштоого жол ачты.

Пашинян отставкага кетүү ниети тууралуу 2-октябрда Ереванда өткөн митинг учурунда билдирген. Анда өлкөнүн Улуттук жыйыны депутаттарды таркатуу жолдорун катаалдаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү — жазында Арменияда башталган нааразылык акциялары маалында Пашинян берген негизги убадалардын бири болгон. Парламентте эң көп добушка дале болсо мурдагы премьер Серж Саргсяндын Республикалык партиясы ээ.

Мыйзамга ылайык, эгер жакынкы эки аптанын ичинде парламентарийлер эки жолу премьер-министрди шайлай албаса, анда Улуттук жыйын таркап, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланат. Парламенттеги фракциялар жаңы премьер-министрди шайлабай тургандыктарын билдиргенин «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.

Бул план боюнча өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо декабрда өтөт. Сентябрдын аягында премьер-министр Никол Пашиняндын «Менин кадамым» блогу Ереван шаардык кеңешин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетип, андагы 65 орундун 57сине ээ болгон.

Никол Пашинян Армения өкмөтүн быйыл 8-майдан тарта жетектеп келген. Ал бул кызматты апрелдин ортосунан бери өлкөнүн бардык аймактарында өткөн нааразылык акциялардан кийин ээлеген. Акциялардын жыйынтыгында өлкөнү он жылдан ашык башкарган Серж Саргсян бийликтен кеткен.

Бөлүшүү