Аманбай Кайыпов кызматынан кетти

Автор -

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында өкмөттөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, губернатордун кызматтан кетүүсүнө Солтон-Сары кен жайындагы абалды жайгара албай коюшу себеп болушу мүмкүн.

«Кайыповдун ордуна ыйгарым укуктуу өкүл кызматына Нарын шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Алымкулов көрсөтүлөт»
деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Аманбай Кайыпов бул кызматты 2013-жылдын декабрынан бери ээлеп келген.

Бөлүшүү