Кытайдагы казактардын туугандары Астанадан жардам сурашууда

Автор -

Алматыда 17-октябрда Шинжаң-Уйгур автономдуу облусунун Тогызтарау уездинен келген казактар Кытайдагы “саясий кайра тарбия берүү лагеринде” кармалган туугандарын бошотуу үчүн Астанадан жардам сурашты.

Басма сөз жыйындын катышуучулары казак бийлиги Тогызтарау уездиндеги мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди кытай бийлиги “саясий кайра тарбиялоо лагерине” айландырып жатканын айтышты. Алар казак президенти Нурсултан Назарбаевден, “Нур Отан” партиясынан, Казакстан ТИМинен жардам сурашты.

Акыркы бир нече жумадан бери Шинжаң-Уйгур автономдуу окуругунан көчүп келген казактар Батыш өлкөлөрүнүн консулдуктарынан жана эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрылышкан. Өткөн айдын соңунда алар Кытайдагы туугандары репрессияга кабылып жатканы туурасында маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Бирок иш-чарага прокуратура өкүлдөрү келип, тынч жыйын өткөрүү тартиби бузулганын айтышып, мындан ары бул сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбей турганын эскертишкен.

Шинжаңдын “саясий кайра тарбия берүү лагерлеринде” улут азчылыктары куугунтуктоолорго кабылып жатканын эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк ММКлар маалымдап келишет. Кытайдагы казактар басмырлоого кабылып жатканы тууралуу 2017-жылдын апрель айынан тарта белгилүү боло баштаган.

16-октябрда Шинжаң өкмөтүнүн башчысы лагерлерди гумандуу деп атап, алар терроризм жана экстремизмдин алдын алуу үчүн түзүлүп жатканын айткан.

Бөлүшүү