Памирлик кыргыздардын эки наристесине туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана сүйүнчү пул тапшырылды

Автор -

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы,  депутат Гүлкан Молдобекова бүгүн, 17 – октябрда Нарын областында жумушчу сапары менен болуп, андагы Афганистан Ислам Республикасынын Памир аймагынан көчүп келишкен этникалык кыргыздар менен жолугушту. Алардын суроо – талаптарын укту.

Депутат өз сөзүндө белгилегендей, КР Жогорку Кеңешинин 5 – чакырылышы памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу демилгени колдоп, тиешелүү чечим кабыл алган. Учурда өкмөттүн экспедициясы да памирлик кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардамды жеткирип кеткендигин эл өкүлү билдирди. Ошондой эле памирлик кыргыздарга Жогорку Кеңештин атынан 50 тонна көмүр тапшырылып, тамак – аш, кийим – кече жагынан дагы колдоо көрсөтүлдү.

18 жашка чейинкилер окутулуп, ал эми 18 жаштан жогоркулар лицейлерде билим алып жатышкандыгын Нарын областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү – губернатор Аманбай Кайыпов билдирди. Памирлик кыргыздардын улуу мууну билими жок болгондуктан, көбүн эсе алар мал багуу иштерине тартылып, киреше табуу булагын өздөштүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Нарынга Памирден келген кыргыз балдар шаардагы №9, 10 — мектепте жана Асанов атындагы лицей интернатында билим алышууда. Алардын жашоо шарты заманбап техникалар менен жабдылган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди. Ошондой эле ар бир үй – бүлөгө тамак – ашына  деп айына 6700 сом каралган. Турак – жайдын акысы да убагында эсептешилип турат. Жалпысынан Нарын областында памирлик 36 жаран жашап жатат. Алардын 11 баласынын ар бирине 1215 сомдон жөлөк пул төлөнүп жаткандыгын да жергиликтүү социалдык кызматкерлер тастыкташты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо жана жарандык абалдарын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова кош жарандуулук боюнча маалымат берди. Адистин айтымында, кыргыздар Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө гана кош жарандык ала алышпайт. Калган мамлекеттер менен кош жарандуулук келишими сакталат. Муну түшүнө бербеген Афганистандагы кыргыз боордошторубуздун Афганистандагы мал – мүлкүнөн ажырап калуудан, карым – катнашты үзүүдөн кооптонуп тургандыгы чын. Буга негиз жок экендигин түшүндүргөн адис кошумча суроолорго жооп берди. Жаңы жарыкка келген жаш ымыркайлардын экөөнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылып берилди. Алардын бири Памири Фазул Хан уулу Нарынбекке күбөлүктү тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова тапшырды.Ошондой эле ал кыргыз жергесине келгенде төрөлгөн Алмазбек аттуу памирлик жаш наристеге да сүйүнчүсүнө деп атайын көрүндүк берип, салттагы ырымды жасады.

Памирде абал оор, мал ылаңга кабылып, чөп чыкпай, тамак – аш тартыш. Кыргызстандан башка мамлекеттерден гумжардамдар жеткирилбептир. Ушундай абалда жардамга кол сунган тарыхый мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз, — дешти памир кыргыздары.

Тажикстандын чек арасынан өтө албай жаткан памирлик кыргыздар эгер кыргыз жарандыгын алса, 60 күн аралыгында Тажикстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтмөк. Болбосо, тажик тарап виза үчүн 90 доллардан талап кылган учурлар жолугат. Кырдаалдан чыгуу үчүн кош жарандуулук маселесин чечүү зарыл. Бул үчүн Президенттин жарлыгы чыгышы керек. Буга кеминде 3 айлык мөөнөт талап кылынат, — деди М. Пратова.

ЖК Аппаратынын эксперти Салтанат Бараканованын белгилешинче, памирлик кыргыз жарандарына билим алууга эле келген деп бир тараптуу карабай, бардык жагынан колдоо көрсөтүп, керектүү шарт түзүү керек.

Жолугушуунун соңунда виза маселесин чечүү тапшырмасы тиешелүү министрликтерге милдеттендирилсин, — деп комитеттин чечиминде белгиленди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү