Жайыл районунда 40 жаштагы жаран көлмөгө чөгүп кетти

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык,  17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында  Жайыл районунун Степное айылындагы «Мелиорация» көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу тартылды, бирок табылган жок.

Издөө иштери 18-октябрь күнү улантылат.