Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Автор -

19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3….8,

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Бөлүшүү