Экс-вице-премьер-министр 3 жылга шарттуу кесилди

Автор -

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратты. Өкүм угузулгандан кийин Дүйшөнбек Зилалиев соттун чечимине Бишкек шаардык сотуна арыздана тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча Зилалиевге карата кылмыш иши козголгон. Ал күнү Зилалиев укук коргоо орган кызматкерлеринин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат билдирген деп болжолдонууда. Бирок ал өзү болгону кызга «комплимент» айтайын дегендигин жана бомба тууралуу сөз да болгон эместигин айтууда.

Бул учурдан кийин Дүйшөнбек Зилалиев ээлеген кызматынан кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү