Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандык майып балдарга 100 араба белек кылды. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
«Тоскоолдуксуз жашоо» социалдык кампаниясынын алкагында биз 100 майыптар арабасын белек кылды. Колдоо көрсөткөндүгү үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жеңилдеткендиги үчүн ТИКАга ыраазылык билдиребиз. Кызыл жарым ай коомунун жетекчилигине да ракматымда айтам», — деди Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Василики Фырат.
ТИКАнын Бишкектеги кеңсесинин коордирнатору Али Муслу Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому менен башталган кайрымдуулук акциясы буту шал оорусуна кабылгандарга 35 атайын араба жана майыптарга болсо 65 даана алып бергендигин белгиледи.