Кыргызстан менен Өзбекстан талаштуу эки тилкени такташты

Автор -

Өзбекстан менен Кыргызстан чек арадагы Шахимардан  жана Кандиён-Булок талаштуу тилкелерин такташты. Бул тууралуу өзбек ММКлары Өзбекстан ТИМине шилтеме жасоо менен билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, 15-21-октябрь аралыгында Наманганда өзбек-кыргыз өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобу чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкө кызыкчылыктарын эске алуу менен Фергана жана Баткен облусун кесип өткөн Шахимардан тилкесин толугу менен такташты. Мындан тышкары Наманган облусу менен Жалал-Абад облусуна чектеш Кандиён-Булок тилкесинин айрым бөлүктөрү да такталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду.

Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын 1100 чакырымдан ашуун тилкеси такталды. Бирок талаштуу дагы бир нече аймак бар.

Бөлүшүү