«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы ээсине козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди

Автор -

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимге козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди.

Жогорку соттун коллегиясы бүгүн, 22-октябрда Кимге карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун буга чейинки чечимдерин жокко чыгаруу, Александр Кимди актоо тууралуу адвокаттардын даттануусун, ошондой эле «Рубикон» жарнамалык фирмасынын башкы директору Александр Рябушкиндин Александр Кимге карата чечимди өзгөртүү жөнүндө арызын карады. Жыйынтыгында Александр Кимди алты жылга шарттуу кескен чечим жокко чыгарылып, кылмыш иши райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.

Быйыл 20-февралда Свердлов райондук соту «кызматынан кыянат пайдаланган» деген айыптын негизинде Александр Кимди алты жылга шарттуу кесип, «Вечерний Бишкектин» азыркы кожоюну Александр Рюбушкинге 27 миллион доо төлөөгө милдеттендирген. Чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Ким бул иштин саясий өңүтү бар экенин билдирип, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу аны кайра карап чыгууну суранган.

2014-жылы Александр Рябушкин сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.

Быйыл сентябрда Башкы прокуратура «Вечерний Бишкек» гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылганын, ага Александр Кимдин Рябушкиндин үстүнөн жазган арызы негиз болгонун кабарлаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү