Александр Сурков Европа чемпиондугунда алтын медалды тагынды

Автор -

Кыргызстандык спортчу Александр Сурков каратэ боюнча Европа чемпиондугунда алтын медаль тагынды.

Аталган мелдеш Орусиянын Орёл шаарында орун алып, ага Кыргызстандын атынан Александр Сурков гана катышты. Сурков абсолюттук салмак ченде күч сынашты.

Финалга чыккан спортчунун Франциялык атаандашы беттешти улантуудан баш тарткандыктан Александр Сурков алтын медаль тагынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү