Тогуз –Торо: Ашудан аман-эсен үйлөрүнө келген чабандар куткаруучуларга ыраазычылык билдиришти

Автор -
451

2018-жылдын 18-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан”  жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш койлору менен  “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Алар аман-эсен  жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.

2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалдарын жана жайлоого бара турган жолдун абалын жеринен билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун ыкчам тобу  жана  авариялык куткаруу унаасы менен куткаруучу топ, КР ӨКМнин Жалал-Абаддагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механизациялаштырылган мекемесинен 1 Трал унаасы, Сузак айыл аймагынын башчысы, 3 кызматкери жана 1 жүктөгүч тартылган.

22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында чабандар мал жандыктары менен ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник  Абдулнасыр Закиров билдиргендей, учурда  чабандардын абалы туруктуу жана алар жардам берген куткаруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.