Тогуз-Торо районунун тургуну баңгизат менен кармалды

Автор -
309

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну үйүнө жана унаасына баңгизатын сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган учурда милиция кызматкерлери текшерүүгө алышкан. Тинтүү жүргүзгөн учурда унаанын ичинен целлофанга оролгон баңгизат табылган.

Андан соң шектүү М.Б нын үйүн текшерүү маалында 105 грамм өлчөмүндөгү баңгизат, ошондой эле аны даярдоого колдонулган буюмдар табылган.

Учурда алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга эки айга камака алынды.

Бөлүшүү