Токон Мамытов: 2017-жылы Акыйкатчыга 12 миӊден ашуун адам кайрылды

Автор -

Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” баяндамасы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү менен эксперттер катышып жатат.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, 2017-жылы Акыйкатчынын борбордук аппаратына жана облустардыгы өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу, арыздар тууралу маалымат: кайрылгандардын жалпы саны – 12881 адам, анын ичинде: коомдук кабылдама аркылуу оозеки юридикалык кеп-кеӊеш алгандар – 6847, жазуу жүзүндөгү кайрылуу, арыздар – 3242.

«115 шыр байланыш» кызматы аркылуу келип түшкөн, ошондой эле кайрадан Акыйкатчынын кызматкерлеринин чалууларынын жалпы саны 7224, анын ичинен: телефон чалуулар – 3188, үн билдирүүлөрү – 4036 (телефон күнү-түнү иштегендиктен, түнкүсүн чалгандардын үнү автоматтык түрдө жазылып калынат)”, — дейт ал.

Ишти ар тараптуу, объективдүү карап чыгуу максатында арыз жазган адамдан, мамлекеттик органдардан жана алардын кызмат адамдарынын маалыматтар чогултулуп, анализденет. Каралган каттар адамдардын жана жарандардын кеӊири чөйрөдөгү баардык укуктарын камтый турганы аныкталды: сот чечимдеринин аткарылбашы; мамлекеттик кызматкерлердин милдетин так аткарбастыгы жана бюрократия; мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин начар сапаты; балдар, эркинен ажыратылгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган адамдар, психикалык оорукчандар, аскер кызматкерлери сыяктуу социалдык топтордун укуктарынын талаптагыдай сакталбай жатканы; эмгек мигранттарынын абалы; жарандар менен жеке мекчик компаниялар жана мамлекеттик органдар менен эмгек мамилеси; кыйноолорго жана башка ырайымсыз мамилелерге каршы күрөшүү; басмырлоо.

Акыйкатчы кыргыз жарандарынан тышкары, чет элдиктердин жана жарандыгы жок адамдардын абалына да өзгөчө көӊүл бурат. Өз демилгеси менен комиссияларды түзө алат. Адамдын укуктары жана эркиндиктери багытындагы системалуу мыйзам бузуулар өзгөчө изилдөөлөрдүн объектисине айланып, алардын жыйынтыктары менен атайын докладдар даярдалат.

Мындан тышкары, Акыйкатчынын аппараты адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу ишке ашырууда, ошондой эле, коргоодо тоскоолдук жараткан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында бир катар демилгелерди көтөрдү. Акыйкатчынын Аппараты Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Президент жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштейт.

2017-жылы Акыйкатчы тарабынан 8 атайын баяндама даярдалды. Алар:

– Жарандардын таза сууга жана санитарияга укуктары;

– улгайган адамдардын укуктары жана кодулоосуз жашоо;

– эмгек мигранттарынын укуктары;

– кароосуз калган балдардын укуктары (анын ичинде жетимдер);

– мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарыны сакталышы;

–соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө Стамбул протоколу принциптерин колдонуунун натыйжалуулугу;

– Чүй облусунун Ивановка айылындагы Балдардын республикалык психиатриялык ооруканасындагы балдардын укуктары;

– Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан № 2 аялдардын түзөтүү колониясында саламаттыкты сактоого укуктун сакталышы;

Өткөн жылы башка мамлекеттердин адам укуктарын коргоочу башкы институттары менен кызматташуу чыӊдалды. Акыйкатчы Евразия омбудсмендеринин альянсын түзүү демилгесин көтөрдү. Ал колдоого алынып, ошол жылдын 5-декабрында тиешелүү меморандумга кол коюлган.

Кыргызстандагы адам укуктары жана эркиндиктери темасына биздин өлкөдө иштеген бейөкмөт уюмдар жана эл аралык уюмдар кайрылып келатышат. Акыйкатчы өз ыйгарым укуктарынын алкагында коомдун уюмдардын катышуусунда иштерди иликтеп, арыздарды карап, өнөктөштүк шартында чогуу иштейт. Буга окшогон өнөктөштүк аркасында Акыйкаты институту адам укуктары жаатындагы бир катар маселелерди чече алды.

Бөлүшүү