Акыйкатчы министрликтен Исаковду текшерүүдөн өткөрүү үчүн комиссия түзүүнү суранды

Автор -

Акыйкатчы Токон Мамытов Саламаттык сактоо министрлигинен мурунку премьер-министр Сапар Исаковду текшерүүдөн өткөрүү үчүн комиссия түзүүнү суранды. Бул туурасында ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Омбудсмендин докладынан соң депутат Жанар Акаев Мамытов бийликтегилердин гана укугун коргоорун айтып, жемеледи.

Токон Мамытов кайсы бир кылмышка шектелип, абакта жаткан мурунку аткаминерлер менен далай жолу жолугуп, соттук отурумдарга катышып келатканын билдирди.

«Тиешелүү материалдар Башкы прокуратура менен Жогорку Сотко жөнөтүлгөн. Сапар Исаков боюнча айтсам, мен Саламаттыкты сактоо министрлигине комиссия түзүп, дарыгерлер Исаковдун ден соолугун текшерип чыгып, керектүү медициналык жардам көрсөтсүн деп кайрылдым»
деди Мамытов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү