Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка электр жарыгы өчөт

Автор -

Бүгүн, 25-октябрда  саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым аймактарында 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.

Төмөндөгү даректерде убактылуу электр энергия берүү токтотулат:

-Ош шаарынын №2 “Достук” аймактык кеңешине караштуу Достук к/ш №83, К.Маркс, Жиннах көчөлөрүндө, А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо, Навои паркында.

-№8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Ленинград, Мельницкий көчөлөрүндө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү